Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:19

"Камерада 18 адам кармалып, сыз жерде жатат". Султанбековдун жакындарынын билдирүүсү, ЖАМКнын жообу


Темирлан Султанбеков
Темирлан Султанбеков

мазмуну

  • Ички иштер министрлиги ноябрда жапырт кармаган 10 адамдын бири - “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков "тергөө абагында моралдык жана психологиялык басымга кабылып жатканын” жакындары айтып чыгышты.
  • Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бул дооматтарды четке кагууда.

Темирлан Султанбековго жана аны менен чогуу кармалган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаевге жана саясатчы, экс-депутат Кубанычбек Кадыровго “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып тагылган.

"Саламаттыгы жана өмүрү коркунучта"

“Социал-демократтар” партиясынын камакта жаткан лидери Темирлан Султанбековдун карындашы Каныкей Султанбекова ага Бишкектеги №1 тергөө абагында басым-кысым болуп жатканын Фейсбуктагы баракчасына жазды. Атасы Медетбек Султанбеков уулу оор шартта кармалып жатканы саламаттыгына доо кетирет деген кабатырлыгын "Азаттыкка" билдирди.

Медетбек Султанбеков
Медетбек Султанбеков

"Уулумду кармап кетишкенине үч жума болду. Азыр бир камерада 18 адам кармалып турушат экен. Орун жетишпей, эки адам жерге жатып атышыптыр. Бизди кооптондурган нерсе уулум менен бир камерада кургак учук менен ооруган дагы бир шектүү бар экен. Темирланды жакшы билесиздер, былтыр тергөө абагында жатканда 98 күн ачкачылык кармаган. Саламаттыгы өтө жакшы эмес. Апрелдин аягында абактан чыккандан тартып, алты айдай доктурларга көрсөтүп, дарылатканга аракет кылганбыз. Бирок кайра эле сыз жерде жатат. Сиздерге маалым болгондой, уулум кармалып, тергөө абагына камалганга чейин дагы он күндөй милициянын суук, эч кандай шарты жок убактылуу кармоочу жайында камалып турду. Адвокат кийлигишип атып, он күн дегенде тергөө абагына которушкан".

Медетбек Султанбеков уулунун мындай шартта кармалып турушун атайын физикалык жана психологиялык басым катары сыпаттоодо. Ал буга көңүл буруп, жеке көзөмөлүнө алуусун өтунүп, акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага кайрылган.

Адвокаты Нурбек Токтакунов 10-декабрда Темирлан Султанбеков менен тергөө абагынан жолугушуп чыккан. Ал абак кызматкерлери тарабынан психологиялык кысым көрсөтүлүп жатканын айтты:

Нурбек Токтакунов
Нурбек Токтакунов

"Асынып ал" деген сленг бар, түрмөдө иштеген адамдарда, аскерде колдонулат. Бирок Темирланга абактын кызматкерлери "асынып ал" деп айтканга укугу жок. Тергөө абагынын жетекчилиги аларды тартипке чакырып, туура эместигин түшүндүрүп коюшу керек. Албетте, бул деген коркутуу. Коркунучта турат десек да болот. Анткени бизде абакта отурган ким эле болбосун, өмүрү коркунучта турат. Анткени абак - бөгөт чарасы, кыйноо эмес", - деди Токтакунов.

"Чындыкка дал келбейт"

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Темирлан Султанбековдун жакындарынын жана адвокатынын дооматтарын четке кагууда. Мекеменин басма сөз кызматы 11-декабрдагы билдирүүсүндө айтылган маалыматтарды жокко чыгарды.

"Социалдык тармактарга Т. С. жакындары жазып жаткан дооматтар чындыкка дал келбейт. Анын тергөө абагында кармалышы Кыргызстандын бардык мыйзамдарынын талаптарына жооп берет. Аны кургак учук менен оорулуу адам менен чогуу бир камерада кармалып турганы тууралуу маалымат негизсиз. №1 тергөө абагында кандайдыр бир ооруга чалдыккандар кармалбайт, ал үчүн 31-мекеме бар, ал жакта толук дарылануудан өтүшөт. Ал эми чачын алуу үчүн бир эле устара колдонулат деген доомат тастыкталган жок, санитардык-гигиеналык талаптар бузулганы аныкталган эмес", - деп жазылган билдирүүдө.

22-ноябрдын таңында социалдык тармактарда бир катар саясатчылардын үйү тинтилип, 10 адам кармалган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековго, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаевге жана саясатчы, экс-депутат Кубанычбек Кадыровго Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси – “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып таккан.

Адвокат Нурбек Токтакунов бул айыпты негизсиз деп баалады:

"Султанбеков менен Атамбаевдин иши бийликке сын айтканы үчүн эле козголгон иш. Бийликти сындаганы үчүн эле төңкөрүшкө теңеп койду".

Токтакунов булар кармалгандан бери тергөө иштери да жүрө электигин, бир катар мыйзам бузуулар болуп, милиция тинтүү учурунда алып кеткен телефон, ноутбук, компьютерлер боюнча да протокол түзбөгөнүн, тинтүүнүн токтомдорун да ала электигин кошумчалады.

22-ноябрда ошондой эле булардан тышкары экс-депутат Шайлообек Атазов (1979-жылы туулган А.Ш.), Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жеке жансакчысы Дамир Мусакеев (1984-жылы туулган М.Д.), саясатчы Урмат Барктабасов (1963-жылы туулган А.У.), “Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Эрмек Эрматов (1983-жылы туулган Э.Э.), активист Турсунбай Шарапов (1986-жылы туулган Ш.Т.) жана аты-жөнү белгисиз дагы эки адамга “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кине коюлган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды 2026-жылдын 17-январына чейин камакка алган.


ИИМ кармалгандарды Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин өлкөдө тополоң уюштурууну максат кылган деп айыптаган. Алар мындай айыптоону четке кагып кагышкан.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG