Темирлан Султанбековго жана аны менен чогуу кармалган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаевге жана саясатчы, экс-депутат Кубанычбек Кадыровго “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып тагылган.
Кыргызстандын Конституциялык соту өлүм жазасын конституциялык түзөтүү аркылуу калыбына келтирүү Баш мыйзамга ылайык келбейт, жол берилгис жана укуктук жактан мүмкүн эмес деген тыянакка келди.
Кыргызстандын Конституциялык соту Баш мыйзамга өлүм жазасын киргизүү тууралуу президенттин сунушун кароодо. Эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары өлкөдө өлүм жазасын кайтаруу эл аралык милдеттенмелерге каршы келерин эскертүүдө.
Бул окуя өткөн жылы жай айында катталып, коомчулукта резонанс жараткан эле.
3-декабрда Москва шаарынын мэри сабатсыз, тил билбеген мигранттар жайнап кетти деген нааразы тургундарга жооп кайтарды. Калаа башчы ошондой эле келгиндер арасында кылмыш жасагандар азайганын белгиледи. Орусияда соңку мезгилде мигранттарга каршы маанай күчөп, улам бир мыйзам кабыл алынып келатат.
Конституциялык сот Баш мыйзамга өлүм жазасын киргизүү тууралуу президент Садыр Жапаровдун сунушу келип түшкөнүн 2-декабрда билдирди. Мекеме мыйзам долбоорунда Конституциянын 25-беренесинин 1-бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү сунушталганын түшүндүрдү.
Укук коргоочулар үй-бүлөдөгү келишпестиктерден биринчи кезекте балдар жабыркап жатканына, миграциянын агымы күчтүү өлкөлөрдүн баарында эле ушул сыяктуу көйгөйлөр курчуганына көңүл бурууда.
30-ноябрда мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) байкоочулары дагы көз салды. Жалпысынан 356 эл аралык байкоочу добуш берүү күнү 1180 шайлоо тилкесине барып, жараянга байкоо салды.
Бишкекте 3-декабрь - Майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнүнө карата өткөн жыйында ушул маселелер айтылды.
Кыргызстанда 15 миңден ашык кишиден ВИЧ-инфекциясы аныкталган. Илдетке кабылгандардын 60% ашыгы 20–39 жаштагы социалдык жактан активдүү адамдар. Дарыгерлер оору жыныстык жол менен тарап жатканын белгилешти.
Быйыл биринчи жолу аралыктан туруп, кайсы жерден болбосун жарандык милдетиңди аткара аласын. Так айтканда, жарандар Кыргызстанда туруктуу жана биометрикалык каттоосу болсо каалаган тилкеден добуш бере алат. Добуш берчү жерге барганда паспортту же «Түндүк» тиркемесин көрсөтсөңүз жетиштүү.
22-ноябрда Бишкекте кармалган бир нече саясий активисттин бөгөт чарасы сотто каралды. "Башаламандык уюштурууну көздөгөн" деген шек менен парламенттин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов, Социал-демократтардын лидери Темирлан Султанбеков, Кадырбек Атамбаев 2026-жылдын 17-январына чейин камалды.
Дагы жүктөңүз