Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:19

Дрон чабуулдарынан КТК 480 миң тонна мунай жоготту


Казакстандын энергетика министри Ерлан Аккенженов Каспий куур консорциумуна (КТК) жасалган дрон чабуулдарынын айынан мунай өндүрүүдөгү жоготуулар 480 миң тоннага жеткенин билдирди. Бул тууралуу анын сөздөрүн "Власть", "Интерфакс" жана ТАСС жарыялады.

29-ноябрь түнүндө деңиздеги дрондордун чабуулунун натыйжасында консорциумдун бир бөлүгү иштен чыккан. Мындан улам Казакстандан Новороссийск портуна жеткирилген мунайды танкерлерге жүктөө кыйындадыд.

Натыйжада Казакстан Кашаган кенинен 50 миң тонна мунайды түз эле Кытайга жөнөтүү чечимин кабыл алган.

Учурда КТКнын айрым гана бөлүктөрү иштеп жатат. Аккенженовдун айтуусунда, жабдууларга чоң зыян келтирилген.

Министр 2025-жылдын жыйынтыгында Казакстан КТК аркылуу 72 млн тоннанын ордуна 68 млн тонна гана кара май өткөрө аларын билдирди.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги чабуул үчүн жоопкерчиликти Украинага жүктөдү. Киев бул чабуул үчүн жоопкерчиликти расмий өзүнө ала элек. Буга чейин украин дрондору КТКнын Орусиядагы объектилерин бутага алган.

Каспий куур консорциуму — Казакстан, Орусия жана бир катар эл аралык мунай компаниялары катышкан ири долбоор. Куур системасынын узундугу 1500 чакырым. КТК негизинен Казакстандын жана Орусиянын мунайын ташыйт.

КТКга каршы эл аралык санкциялар киргизилген эмес.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG