Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:31

Сот Жылдызкан Жолдошованын БШКга каршы арызын канааттандырган жок


Жылдызкан Жолдошова
Жылдызкан Жолдошова

11-декабрда Бишкек шаарынын Административдик соту шайлоодо №8 округдан аялдардан алдыга чыгып, мандат албай калган Жылдызкан Жолдошованын арызын карап, анын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимин жокко чыгаруу өтүнүчүн канааттандырган жок. Бул тууралуу сотко катышкан “Азаттыктын” кабарчысы билдирди.

Жолдошова бул чечимге байланыштуу журналисттерге комментарий берип, Жогорку сотко даттана турганын айтты.

Мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоодон кийин айрым добушканалардагы ыктымал добуш сатып алуу учуру тартылган делген видеолордун негизинде аймактык шайлоо комиссиясы №8 округдагы №5249 жана №5514 тилкелериндеги добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган.

Баштапкы эсеп боюнча бул округдан аялдардан алдыга чыккан Жылдызкан Жолдошова бул чечимге нааразылыгын билдирип, шайлоо комиссиясын сотко берерин айткан. Ал аталган эки тилкеде жалпысынан 1009 добушу жокко чыгып кеткенин, муну анын парламентке келишин каалабаган айрым адамдар кылып жатканын билдирген.

Жолдошова өзүнөн кийинки келе жаткан Нуржамал Төрөбекова БШК төрагасы Тынчтык Шайназаровдун тууганы экенин айтып чыккан. Шайназаров бул дооматты четке кагып, бардык чечимдер мыйзам чегинде болорун айткан.

Борбордук шайлоо комиссиясы 8-декабрда талаш жараткан №8 шайлоо округу боюнча чечим кабыл алган. Жеңүүчү катары Жанарбек Акаевди, Улан Примовду жана Нуржамал Төрөбекованы таануу боюнча токтом долбооруна БШКнын 11 мүчөсү макул деген добуш берген. Натыйжада Жолдошова 9-декабрда Бишкек шаарынын Административдик сотуна арыз жазган.

БШК 8-декабрдагы жыйынында жалпы 29 шайлоо округу боюнча чечим чыгарып, жеңүүчүлөрдү бекиткен. Анын ичинде №9, №26 округдар боюнча да талаш-тартыш чыккан.

№9 округда гендердик квота боюнча алдыга чыкканы кабарланган Ыргал Кадыралиеванын ордуна Жылдыз Эгембердиева депутат катары катталган.

№26 округда болсо добуш сатып алууга байланыштуу нааразылык чыккан.

№13 округда добушканаларга орнотулган камераларга байланыштуу шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, кайрадан шайлоо дайындала турган болгон.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 30-ноябрда өттү. 30 округдун ар биринен үчтөн мандат каралган. Жалпы 4 294 243 шайлоочунун 1 584 446 добуш берүүгө катышты. Бул жалпы көрсөткүчтүн 36,90% түзөт. (ErN)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG