“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, экс-депутат Адахан Мадумаров ага байланыштуу социалдык тармактарда тараган видео жана өткөн айдын аягында Ички иштер министрлигине (ИИМ) суракка кирип чыкканы тууралуу “Азаттыкка” комментарий берди.
11-декабрда Фейсбукта “Массалык башаламандыкты уюштурууга шектелген топ жана Мадумаровго байланышкан тинтүү” деген аталыштагы үч мүнөткө чукул видео тараган. Анда милиция кызматкерлери Адахан Мадумаровдун үйүн тинтүүдө саясатчынын сумкасынан 150 миң доллар табылганы айтылат. Тасмада “Мадумаров акчаны жакын арада уулун үйлөнтүп, той өткөрүп, андан кийин үй алып берүү максатында чогултуп жатканын айтканы”, бирок “кийин суракта каражаттын булагын көрсөтүп бере албаганы” белгиленген.
Адахан Мадумаров ИИМдин кызматкерлери 150 миң долларды далил зат катары алып кеткенин билдирди.
“Мен апасы батирин сатып, акчаны менин ортончу уулума таштап кеткен деп көрсөтүп бергем. Батирди сатуу боюнча келишимдин көчүрмөсүн да көрсөткөм. Менин уулума таандык болгон батир сатылып атат. Ал акчаны чоң олжо катары алып кетишкен”, - деди ал.
Адахан Мадумаровдун үйүнөн алынган каражат тууралуу видео качан тартылганы жана ким даярдап аны социалдык тармактарга таратканы боюнча маалымат жок. ИИМ комментарий бере элек.
Оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаров ИИМде 22-ноябрда суракта болгон. Ал күбө катары суралганын жана өлкөдө массалык башаламандык уюштурууга шек саналып кармалгандар менен байланышы жок экенин айтты.
22-ноябрдын таңында социалдык тармактарда бир катар саясатчылардын үйү тинтилип, 10 адам кармалган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековго, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаевге жана саясатчы, экс-депутат Кубанычбек Кадыровго Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси – “Бийликти күч менен басып алуу” менен айып таккан.
Андан тышкары экс-депутат Шайлообек Атазов (1979-жылы туулган А.Ш.), Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жеке жансакчысы Дамир Мусакеев (1984-жылы туулган М.Д.), саясатчы Урмат Барктабасов (1963-жылы туулган А.У.), “Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Эрмек Эрматов (1983-жылы туулган Э.Э.), активист Турсунбай Шарапов (1986-жылы туулган Ш.Т.) жана аты-жөнү белгисиз дагы эки адамга “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кине коюлган.
Бишкектин Биринчи май райондук соту жогоруда аты аталгандардын баарын 2026-жылдын 17-январына чейин камакка алган.
ИИМ жапырт кармалгандардын үй-жайын тинтүүдө курал-жарак, ок-дары, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң доллар, тополоңду каржылоо боюнча документтер жана баңги заттар алынганын маалымдаган. Мекеме шектүүлөргө Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин өлкөдө тополоң уюштурууну максат кылган деген айып койгон.
Кармалгандар жана алардын жакындары коюлган айыптарды четке кагышкан. (BTo)
Шерине