Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:22

Активист Айбек Теңизбайды белгисиз адамдар кармап кеткени кабарланды


Айбек Теңизбай.
Айбек Теңизбай.

Социалдык тармактарда бийликтин айрым иштерин сындап жүргөн активист Айбек Теңизбайды 11-декабрда Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүнөн өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкерибиз деп тааныштырган адамдар кармап кеткени кабарланган.

Бул тууралуу “Азаттыкка” активисттин эжеси жана жакындары маалымат берип, белгисиз адамдар Айбек Теңизбайдын апасынын да уюлдук телефонун алып кетишкенин айтышты.

Азырынча активистти кайсы укук коргоо органынын кызматкерлери алып кеткени боюнча маалымат жок.

Айбек Теңизбай социалдык тармактарда бийликтин айрым иштерин сындап, Орусиянын Кыргызстандагы пропагандасына каршы бир нече постторду жазган. Андан тышкары өлкөдөгү саясий окуялар тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына да пикирин активдүү билдирип келет. (BTo)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG