Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:16

АКШ Венесуэланын жээгинде мунай ташуучу танкерди кармады


Америкалык жээк сакчылары тик учак менен танкердин үстүнө конуп жатышат. 10-декабрь, 2025-жыл.
Америкалык жээк сакчылары тик учак менен танкердин үстүнө конуп жатышат. 10-декабрь, 2025-жыл.

Кошмо Штаттардын деңиз аскерлери 10-декабрда Венесуэланын жээгине жакын жерде The Skipper аттуу танкерди токтотушканы кабарланды. Ал Нигерияда катталган фирмага таандык. Ал ишкананы бир нече танкердин ээси катары аталган Виктор Артемов менен байланышкан компания көзөмөлдөйт. Украин медиасы жазганына караганда, Артемов Украинанын жараны.

Американын башкы прокурору жана юстиция министри Пэм Бондинин билдирүүсүндө "Венесуэланын жана Ирандын мунайын ташуу үчүн колдонулган, санкцияга алынган танкер кармалганы" айтылат. Операция сот ордерине ылайык жүргүзүлгөн.

The Skipper танкери мыйзамсыз мунай ташуу операцияларына катышканы үчүн Американын санкцияларына кабылган. Кошмо Штаттардын Каржы министрлигинин маалыматына караганда, сатылган мунайдан түшкөн каражат Ирандын Ислам революциясы сакчылар корпусун жана Ливандагы Иран колдогон "Хезболла" тобун (АКШда террордук уюм деп таанылган) каржылоо үчүн колдонулган.

Министрлик кошумчалагандай, 2022-жылы бул кеме Adisa деп аталган. Ошол кезде ал башка танкерлер менен бирге Виктор Артемов башында турган, Бириккен Араб Эмираттарында жайгашкан компанияга таандык болгон.

Танкердин кармалышы тууралуу кабарды алгач АКШ президенти Дональд Трамп жарыялады. Ал кеменин бортундагы мунайды Америка конфискациялашы мүмкүн экенин айтты.

Трамптын администрациясы Венесуэла аймагындагы объектилерге абадан сокку уруу ыктымалдыгын да четке какпайт. Бул маңзат ташууну алдын алуу чарасы катары түшүндүрүлдү. Каракас болсо Вашингтон өлкөгө басып кирүүгө камданып жатат деп эскертүүдө.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG