Кыргызстандын “Элкарт” жана Өзбекстандын Humo (“Хумо”) улуттук төлөм системалары бири-биринин карталарын тейлөө боюнча өз ара эквайринг баштаганын жарыялашты. Бул тууралуу 11-декабрда “Элкартты” тейлеген “Банктар аралык процессинг борбору” жана “Хумону” тейлеген “Улуттук банктар аралык процессинг борбору” кабарлады.
Эквайринг – товарларды жана кызматтарды сатып алууда банк карталары, смартфон же QR-код аркылуу накталай эмес төлөмдү тейлөө.
Келишимге ылайык, “Элкарт” Өзбекстандын аймагындагы банкоматтарда, төлөм терминалдарында жана башка төлөм жабдууларында тейленип баштаса, “Хумо” картасы Кыргызстандын аймагында кенен иштей берет дегенди түшүндүрөт.
“Элкарт” Кыргызстандын улуттук төлөм системасы катары 2004-жылы негизделген. Эл аралык MasterCard жана Visa карталары сыяктуу эле ал да колдонуучуларга “Элкарт” карталарын берет. “Элкартты” “Банктар аралык процессинг борбору” компаниясы тейлейт, компанияга 17 коммерциялык банк ээлик кылат. Борбордун сайтындагы маалыматтарга ылайык, 3,2 миллион даана “Элкарт” картасы бар, аны 2,6 миң банкомат, 45,4 миң төлөм терминалы тейлейт.
Humo (“Хумо”) төлөм системасы Өзбекстандын экинчи (биринчиси Uzcard) улуттук төлөм картасы катары 2019-жылы негизделген. Ачык булактардагы маалыматтарда 2025-жылдын башында менчиктештирилгени айтылат. Аны тейлеген “Улуттук банктар аралык процессинг борборунун” сайтындагы маалыматтарга ылайык, 35 миллион Humo картасы чыгарылган. Картаны Өзбекстандын ичинде 6,4 миң банкомат жана 184 миң төлөм терминалдар аркылуу иштетүүгө болот.
Кыргызстандын “Элкарт” улуттук төлөм системасы мурдараак өз картасын Өзбекстандын биринчи улуттук картасы Uzcard менен да интеграциялоо ниетин жарыялаган. (ErN)
Шерине