Шаардык сот Рита Карасартовага чыккан өкүмдү күчүндө калтырды

Рита Карасартова.

11-декабрда Бишкек шаардык соту укук коргоочу Рита Карасартовага Бишкектин Свердлов райондук соту чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды.

Райондук сот 18-сентябрда укук коргоочуну Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен күнөөлүү деп таап, беш жыл пробациялык жаза берип, сот залынан бошоткон. Ал эми “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренеси боюнча 50 миң сом айып пул салган. Бул чечимге нааразы болгон Рита Карасартованын адвокаты шаардык сотко кайрылган.

Рита Карасартовадан тышкары бул ишке байланыштуу дагы үч адамга айып коюлган. Свердлов райондук сотунун судьясы аларга да ушундай эле чечим чыгарган. Алардын аты-жөнү коомчулукка жарыяланган эмес.

Укук коргоочу 14-апрелде кармалып, үйү тинтүүгө алынган. Рита Карасартова өзүнүн кармалышын жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулуна (Куренов) таандык делген катты социалдык тармактагы баракчасына жарыялаганы менен байланыштырат.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы кылмыш ишине “жашыруун” деген гриф койгондуктан сот жараяндары жабык өткөн.

Бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары Рита Карасартовага коюлган айыпты сынга алышкан. Рита Карасартова буга чейин Кемпир-Абад ишине байланыштуу да камакка алынган. Бирок ал иш боюнча бир нече саясатчы менен кошо Бишкектин Биринчи май райондук сотунда акталып, эркиндикке чыккан. Бул иш ушул тапта Бишкек шаардык сотунда каралууда. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргызстан менен Өзбекстандын төлөм системалары бири-бирин тейлей турган болдуСот Жылдызкан Жолдошованын БШКга каршы арызын канааттандырган жокМадумаров үйүн тинтүүдө алынган 150 миң доллар тууралуу комментарий бердиЖаратылыш министрлиги элди Жаңы жылда салют атпоого чакырдыСултанбековго абакта басым болуп жатканы айтылып, ЖАМК аны четке кактыКыргызстандын эл аралык резерви 8 млрд доллардан ашып, өз рекордун жаңыладыТайланд менен Камбожанын жаңжалынан улам жарым миллион киши жер котордуУкраина АКШга Трамптын тынчтык планы боюнча жообун жөнөттү