Орусияда эки химиялык заводго дрондон сокку урулду

Орусиянын Чувашия аймагына жасалган дрон соккусунун кесепети.

Орусияда 11-декабрга караган түнү эки химиялык завод дрон чабуулуна кабылды. Телеграм каналдар кабарлагандай, Новгород облусунун Великий Новгород шаарында жана Смоленск облусунун Дорогобуж шаарында жайгашкан ишканаларга сокку урулду.

Astra каналы жергиликтүү тургундарга таянып жазгандай, Великий Новгороддо “Акрон” жер семирткич заводуна дрон менен чабуул жасалды. Жарылуу болуп, өрт тутанганы кабарланды.

“Акрондо" аммиак селитрасы да бар. Анын компоненттери жарандык жана аскердик тармактарда да колдонулушу мүмкүн.

Ошондой эле, Astra жана украиналык Supernova+ каналы маалымдагандай, дрондор Дорогобуж шаарындагы “Дорогобуж” химиялык заводун да бутага алган. Ал минералдык жер семирткич жана технологиялык продукция чыгарган ишкана.

Телеграм каналдар Дорогобуж районундагы Жылуулук электр борбору да жабыркаганын жазышты.

Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, бейшембиге караган түнү 12 облустун үстүнөн жалпы 287 украин дрону атып түшүрүлдү.

Воронеж облусунун губернатору Александр Гусев социалдык тармактарда жазгандай, Воронежде дрондун сыныгы электр берүү линиясын үзүп кетип, айрым жерлерде жарык убактылуу өчүп, шаардын сол жээгинде жылуулук менен камсыздоо жарым-жартылай үзгүлтүккө учурады. Мындан тышкары административдик имарат жана бир нече көп кабаттуу үйдүн терезелери талкаланды.

Облустун түштүк тарабында өнөр жай объектисине тиешелүү имарат да бузулган.

Украина бул соккулар боюнча комментарий берген жок. Адатта Киев орус армиясына колдоо көрсөткөн ишкана-жайларга дрон менен чабуул коерун билдирип келет. Ал эми орус армиясы дээрлик күн сайын Украинанын аймагына абадан чабуул коет.

Дагы караңыз

Кыргызстан менен Өзбекстандын төлөм системалары бири-бирин тейлей турган болдуСот Жылдызкан Жолдошованын БШКга каршы арызын канааттандырган жокМадумаров үйүн тинтүүдө алынган 150 миң доллар тууралуу комментарий берди