Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:31
АРХИВ. Каспий деңизиндеги Орусиянын Филановский мунай платформасы
АРХИВ. Каспий деңизиндеги Орусиянын Филановский мунай платформасы

Орусияда химиялык эки заводго дрондор менен сокку урулду

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

16:37

Орусияда 11-декабрга караган түнү эки химиялык завод дрон чабуулуна кабылды. Телеграм-каналдар кабарлагандай, Новгород облусунун Великий Новгород шаарында жана Смоленск облусунун Дорогобуж шаарында жайгашкан ишканаларга сокку урулган.

Astra каналы жергиликтүү тургундарга таянып жазгандай, Великий Новгороддо “Акрон” жер семирткич заводуна дрон менен чабуул жасалган. Жарылуу болуп, өрт тутанганы кабарланды.

“Акрондо" аммиак селитрасы да бар. Анын компоненттери жарандык жана аскердик тармактарда да колдонулушу мүмкүн.

Ошондой эле Astra жана украиналык Supernova+ каналы маалымдагандай, дрондор Дорогобуж шаарындагы “Дорогобуж” химиялык заводун да бутага алган. Ал минералдык жер семирткичтерди жана технологиялык продукцияны чыгарган ишкана.

Телеграм-каналдар Дорогобуж районундагы Жылуулук электр борбору да жабыркаганын жазышты.

Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, бейшембиге караган түнү 12 облустун үстүнөн жалпы 287 украин дрону атып түшүрүлгөн.

Воронеж облусунун губернатору Александр Гусев социалдык тармактарда жазгандай, Воронежде дрондун сыныгы электр берүү линиясын үзүп кетип, айрым жерлерде жарык убактылуу өчүп, шаардын сол жээгинде жылуулук менен камсыздоо жарым-жартылай үзгүлтүккө учураган. Мындан тышкары административдик имарат жана бир нече көп кабаттуу үйдүн терезелери жабыркаган.

Облустун түштүк тарабында өнөр жай объектисине тиешелүү имарат да бузулган.

Украина бул соккулар боюнча комментарий берген жок. Адатта Киев орус армиясына колдоо көрсөткөн ишкана-жайларга дрон менен чабуул коерун билдирип келет. Ал эми орус армиясы дээрлик күн сайын Украинанын аймагына абадан чабуул коет.

11:28

Орусиянын айрым аймактары 11-декабрга караган түнү Украинанын дрон чабуулуна кабылганын жергиликтүү басылмалар жана Телеграм каналдар кабарлап жатышат.

Борбор калаа Москванын мэри Сергей Собяниндин Телеграм каналындагы саат эртең мененки 8деги маалыматка караганда, шаарды көздөй учуп бараткан кеминде 32 учкучсуз учак атып түшүрүлдү, сыныктар түшкөн жерлерде тийиштүү кызматтар иштеп жатат.

Росавиация мекемеси Москванын «Шереметьево» аэропортун, мындан тышкары Тамбов, Ярославль жана Иваново шаарларынын аба майдандарын убактылуу жапканы, Орел облусунда "ракета чабуулу болушу ыктымал" деген эскертүү берилгени маалымдалды.

Андан мурдараак Воронеж облусунун губернатору Александр Гусев бир нече өнөр жай ишканасында өрт тутанганын билдирген, ал жерлер украин дрондорунун чабуулуна кабылганы кабарланган. Айрым жерлерде үйлөр зыян тартканы белгилүү болгон.

Липецк аймагында да дрон соккусу болушу ыктымал деген эскертүү берилди.

10-декабрда Украинанын Коопсуздук кызматынын деңиз дрондору Кара деңизде Орусиянын "көмүскө флотунун" дагы бир мунай танкерин бутага алышканы белгилүү болду. Комор аралдарынын туусу менен каттап жүргөн Dashan кемеси жарактан чыгарылганы, ал Новороссийскидеги орусиялык порт терминалына Украинага караштуу экономикалык зонада сүзүп баратканы айтылды. Украинанын маалыматына караганда, танкердин өзүнүн баасы болжол менен 30 миллион доллар турчу, ал 60 миллион долларлык мунай азыгын ташып бараткан. Орусия менен мунай бизнесине аралашкан деп шектелген бир нече кеме буга чейин да бутага алынган.

Ал тапта Киев АКШнын Украинадагы согушту токтотуу тууралуу планына өз жообун жөнөткөнүн бир катар медиа кабарлады. Bloomberg агенттиги украин тарап пландын кайрадан каралып чыккан вариантын бергенин маалымдады.

Америкалык Axios жаңылыктар сайтынын кабарчысы Барак Равид "Украина Трамптын администрациясына АКШнын тынчтык планынын долбоору боюнча өз жообун берди, бул тууралуу мага украиналык жана америкалык аткаминерлер билдиришти", - деп Х социалдык түйүнүнө жазган.

Киевден бул боюнча расмий комментарий же маалымат азырынча боло элек.

Украин президенти Владимир Зеленский согушту токтотуу планынын 20 пункту боюнча ишти аяктап калышканын, бул документ АКШга 10-декабрда жөнөтүлөрүн айткан.

Украина коңшусу Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна 2022-жылдын февралында кабылгандан бери кармашып келе жатат. Соңку жылдары Орусиянын аймагына дрон чабуулдарын күчөткөн Киев алардын согушту камсыздаган мунай жана энергетика тармагын гана бутага алып жатканын билдирүүдө. Украина муну менен өзүн коргоону, орус армиясынын ага каршы колдонулуп жаткан мүмкүнчүлүктөрүн азайтууну көздөйт.

14:22 9.12.2025

Украинанын президенти Владимир Зеленский сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында согушту токтотуу тууралуу АКШнын тынчтык планы 28ден 20 пунктка чейин азайтылып, Украинанын кызыкчылыгына каршы келген шарттар алынып салганын билдирди.

Ал так кайсы пункттар боюнча сөз болуп жатканын тактаган жок жана аймактык маселелерге байланыштуу азырынча компромисс табыла электигин айтты.

Владимир Зеленский журналисттер менен болгон маегинде Украина Конституция боюнча да, эл аралык укук боюнча да өз аймактарынан баш тартууга укугу жок экенин белгиледи.

“Орусия биз аймактардан баш тартышыбызды талап кылып жатат. Биз эч нерсе бергибиз келбейт - биз дал ушул үчүн күрөшүп жатабыз”, - деген Зеленский Украина 9-декабрда тынчтык планы боюнча ишти аяктап, АКШга өткөрүп берерин кошумчалады.

Буга чейин Politico басылмасы өз булактарына шилтеме берип, Донбасстын келечеги боюнча сүйлөшүүлөр туңгуюкка кептелгенин кабарлаган.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Украина лидери Владимир Зеленский орус-украин согушун токтотуу боюнча Вашингтон сунуштаган планга “кол коюуга даяр эмес”, алтургай документ менен толук тааныша электигин айткан.

16:58 8.12.2025

Орусия Украинанын аймагына "Шахед", "Гербера" жана башка жалпы 150дөй дрон сокку урду. Алар Брянск, Орёл, Курск, Приморск-Ахтарск жана Миллероводон, ошондой эле учурда Орусиянын көзөмөлүндөгү Донецк менен Крымдан учурулганын Украинанын Аба күчтөрү 8-декабрда билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, украин армиясы 131 дронду атып түшүргөн.

Днепропетровск облусуна жасалган соккудан бир кишинин өмүрү кыйылды.

Зеленодольск жана Грушевка аймактарында айыл чарба ишканасы, жеке турак жай, газ түтүгү жабыркаганын облустук администрация билдирди.

Межирич айылында төрт адам жаракат алган. Арасында 14 жаштагы бала бар. Никополь районунда 13 жаштагы кыз жабыркады, эки беш кабаттуу имарат, искусство мектеби жана автоунаа талкаланган. Днепр шаарында да дрон соккулары катталып, административдик имарат күйүп, көп кабаттуу үч үй жабыркады.

Сумы облусунун Ахтырка шаарында тогуз кабаттуу үйгө үч дрон тийген. Облустун башчысы Олег Григоров жети адам жаракат алып, ооруканага жеткирилгенин билдирди.

Черниговдо көп кабаттуу үйдүн жанында дрон кулап, жарылуудан кийин газ түтүгү күйүп кеткен. Шаар администрациясынын жетекчиси Дмитрий Брижинский кеминде үч адам жаракат алганын билдирди. Киев облусунун Фастов шаарында да дрон соккусу катталып, эки имараттын чатыры өрттөндү. Жарылуудан жеке үй жана администрациялык имараттар бузулган. Өрт өчүрүлдү.

Ал тапта Украинанын президенти Владимир Зеленский 8-декабрда Лондондо Европа лидерлери менен жолугуп, АКШ президенти Дональд Трамптын согушту токтотуу боюнча планын талкуулайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG