Киев европалык өнөктөштөр менен кеңешүүдөн кийин АКШга тынчтык планынын соңку вариантын өткөрүп бергени кабарланды. Украина бул маалыматты расмий түрдө бышыктай элек.
Сурамжылоолор көргөзгөндөй, украиналыктардын жарымынан көбү мамлекет башчы Владимир Зеленскийди колдойт. Басымдуу бөлүгү согуш шартында шайлоо уюштуруу туура эмес деп эсептейт.
Батыштагы бир катар басылмалар Вашингтон Орусия басып алган аймактардан баш тартууга көндүрүү үчүн украин президенти Владимир Зеленскийге басымын күчөткөнүн жазышууда. Москва Донбассты, анын ичинде украин аскерлеринин карамагындагы жерлерди өткөрүп берүүну талап кылууда. Киев өз жеринен баш тартуу өлкө конституциясына, эл аралык укук нормаларына каршы келерин айтып, мындай шартты четке кагууда.
Украинадагы согушту токтотуу аракеттери, дипломатиялык сүйлөшүүлөр жумалардан бери уланып келатканы менен олуттуу алга жылуу байкала элек.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Газадагы ок атышууну токтотуу боюнча АКШ түзгөн пландын экинчи баскычын баштоо жакындаганын билдирди. Анын жүрүшүндө ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал тобун куралсыздандыруу жана Израилдин күчтөрүн Газадан чыгаруу каралган.
Сириялыктар Башар Асад режимин кулатуунун бир жылдыгын белгилеп жатышат. Жылдарга созулган согуштан жабыркаган, бөлүнүп-жарылган өлкөдө көптөгөн көйгөйлөр кала берүүдө. Өзгөчө диний, этностук азчылык өкүлдөрү арасында оптимизм бара-бара өчүп, коркуу сезими көбүрөк сезилип жаткандай.
Өзгөчө диний, этностук азчылык өкүлдөрү арасында оптимизм бара-бара өчүп, коркуу сезими көбүрөөк сезилип жаткандай.
Freedom House укук коргоо уюму "Интернет эркиндиги 2025" деген баяндамасын жарыялап, Кыргызстан "жарым-жартылай эркин" интернети бар Борбор Азиядагы жалгыз өлкө катары аталды.
Мигранттын добушу кимге керек? Парламентте мигрантка орун жок. Чет өлкөдөгү кыргызстандыктардын укугун ким коргойт? «Биз жана дүйнө» берүүсүндө бул жолу чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктардын шайлоодогу добушунун мааниси, укуктары жана саясий салмагы тууралуу талкууладык.
Бул жолку Жогорку Кеңешке шайлоо Кыргызстандын тарыхындагы эң кымбат саясий өнөктүктүн бири болуп, талапкерлер 1,5 млрд сом коротту. Бул арада парламенттик шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча теришитирүү уланып жатат.
АКШнын чабармандары Украинадагы согушту жөнгө салуу максатында чөлмөк дипломатиясын улантууда. Майамиде Вашингтон менен Киевдин делегациялары тынчтык планын талкуулап бүткөнү тууралуу бейрасмий кабарлар чыкты.
Ак үйдүн чабармандары украиналык делегация менен жолугушарын билдирди. Мунун алдында Стив Уиткофф жана Жаред Кушнер Москвада орус президенти Владимир Путин менен кездешүүдө АКШнын Украинадагы согушту токтотуу планын талкуулашкан.
Дагы жүктөңүз