Активисттин эжеси жана жакындары белгисиз адамдар анын апасынын да уюлдук телефонун алып кетишкенин айтышты. УКМК Айбек Теңизбайдын кармалышы тууралуу маалымат бере элек.
Темирлан Султанбековго жана аны менен чогуу кармалган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаевге жана саясатчы, экс-депутат Кубанычбек Кадыровго “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып тагылган.
ТИМ Конституциялык соттун чечимине байланыштуу атайын билдирүү таратты.
Чүйдөгү Күнтуу айыл өкмөтүнүн катардагы кызматкеринин шайлоодогу жеңиши көпчүлүк үчүн күтүүсүз жаңылык болду окшойт. 1937 добуш менен парламентке келе жаткан болочок депутат кантип жеңишке жетти, анын максаты, көздөгөнү эмне?
Кыргызстандын Конституциялык соту өлүм жазасын конституциялык түзөтүү аркылуу калыбына келтирүү Баш мыйзамга ылайык келбейт, жол берилгис жана укуктук жактан мүмкүн эмес деген тыянакка келди.
Конституциялык сот Баш мыйзамга өлүм жазасын киргизүү тууралуу президенттин сунушун кароодо. Долбоор октябрда коомдук талкууга чыгарылып, бир катар укук коргоо уюмдары демилге Кыргызстан алган бир катар эл аралык милдеттенмелерге каршы келерин билдирген.
Октябрь окуяларынан кийин келген бийлик коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүргүзүүгө убада берген жана жемкорлукка каршы мыйзамдарды катаалдаткан.
Талапкерлер Жылдызкан Жолдошова, Ыргал Кадыралиевага мандат берилген жок. Алар Боршайкомдун токтомуна каршы сотко даттанмай болду. Талапкер Элдар Абакиров да 26-округдагы акча таратты делген маселе боюнча милициянын маалыматына ишенбей жатат.
Батыштагы бир катар басылмалар Вашингтон Орусия басып алган аймактардан баш тартууга көндүрүү үчүн украин президенти Владимир Зеленскийге басымын күчөткөнүн жазышууда. Москва Донбассты, анын ичинде украин аскерлеринин карамагындагы жерлерди өткөрүп берүүну талап кылууда. Киев өз жеринен баш тартуу өлкө конституциясына, эл аралык укук нормаларына каршы келерин айтып, мындай шартты четке кагууда.
БШК 8-декабрда шайлоонун жыйынтыгын бекитип, мандат алчуларды аныктады.
Борбордук шайлоо комиссиясы 29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти. Ошондой эле талаштуу округдар боюнча чечим кабыл алды. Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев "Айчүрөк" соода борборунун жанындагы курулуштарды текшерди. Түлеев кабыл алынган долбоорду өзгөртүп жибергенби?
Борбордук шайлоо комиссиясы 29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти. Ошондой эле талаштуу округдар боюнча чечим кабыл алды. Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев "Айчүрөк" соода борборунун жанындагы курулуштарды текшерди.Түлеев кабыл алынган долбоорду өзгөртүп жибергенби?
Дагы жүктөңүз