“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.
Темирлан Султанбековго жана аны менен чогуу кармалган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаевге жана саясатчы, экс-депутат Кубанычбек Кадыровго “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып тагылган.
Караколдун тургуну майыптыгы бар кызынын зордукталышы боюнча сот ишине нааразылык билдирип "Азаттыкка" кайрылды. Бул иш Каракол шаардык сотунда каралууда. Прокуратура шектүүгө 15 жыл сураган. Бирок кыздын апасы "бул ишке башкалардын дагы тиешеси болушу мүмкүн" деп жатат.
Эл аралык уюмдар менен жергиликтүү укук коргоочулар Кыргызстанда акыркы жылдарда саясий укуктар жана эркиндиктер чектелип, көз карандысыз медиага басымга тушукканын айтып келишет.
Бул окуя өткөн жылы жай айында катталып, коомчулукта резонанс жараткан эле.
1-декабрдан тартып Кыргызстанда тигилген кийим-кечени Орусияга сатууда ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө өндүрүлгөнүн ырастаган СТ-1 деп аталган документ талап кылына баштады. Өкмөттигүү тармагын сактап калуу далалаты болуп жатканын, казак-орус чек арасындагы маселе чечилерин билдирүүдө.
Орусия президенти Владимир Путиндин ноябрдагы Бишкек сапарында тигүү тармагы туш болгон кырдаал талкууланып, маселе чечилери тууралуу сөз болгон.
Укук коргоочулар үй-бүлөдөгү келишпестиктерден биринчи кезекте балдар жабыркап жатканына, миграциянын агымы күчтүү өлкөлөрдүн баарында эле ушул сыяктуу көйгөйлөр курчуганына көңүл бурууда.
Борбордук шайлоо комиссиясы 13-округдагы шайлоону жараксыз деп таанып, эми ал округдан чыккан талапкерлер кайра шайлоого катыша албай турганы маалымдалды. 30-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо бул округдагы айрым тилкелердеги мыйзам бузуулар тууралуу видео-аудио материалдар жарыяланган.
Бишкекке ЖККУнун саммитине келген Лукашенко Минск Бакиевди өткөрүп бербесин, бирок бийликтен кулатылган президентти Кыргызстанга бир келип кетиши тууралуу кыргыз жетекчилери менен сүйлөшөрүн айткан эле.
27-ноябрда Бишкекте Жамааттык коопсуздук кызматташтык келишим уюмунун (ЖККУ) саммити өттү. Жаңы жылдан тартып уюмдун башкы катчылыгына Кыргызстандын өкүлү Таалатбек Масадыков дайындалды. Армения ЖККУнун саммитине бул сапар дагы катышкан жок.
Чүйдөгү айылдардын биринде күйөөсүнүн колунан ажал тапканы айтылган 49 жаштагы Нурайымдын сөөгү кичи мекени Токтогулда жерге берилди. Аялын атып өлтүрүүгө шек саналган 63 жаштагы жаран камакка алынганы тууралуу ИИМ маалымат тараткан.
30-октябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Манас шаарында өткөн Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн чек ара аскерлеринин кол башчыларынын кеңешинин жыйынында келечекте Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара көзөмөлү деле болбойт деген ниетин билдирди.
Кыргызстандын акыйкатчысы өлүм жазасын киргизүүгө каршы пикирин билдирди. Ал БУУнун өкүлдөрү менен жолугушууда жогорку жаза киргизүүнүн терс жактарына токтолуп, андан көрө тергөөнүн сапатын жакшыртууга, сот адилеттигин камсыздоого, зомбулукту алдын алуу чараларын күчөтүүгө чакырды.
Ысык-Көл облусунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 17 жаштагы окуучу кыз Айсулуу Мукашеванын өлүмүнөн соң президент Садыр Жапаров Баш мыйзамга өлүм жазасын кайтарууну карап көрүүнү тапшырды.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда бир нече күндөн бери дайынсыз болуп жаткан өспүрүм кыздын сөөгү табылып, кылмышка шектүү 41 жаштагы жаран кармалды. Анын мурда да кыз зордуктоого байланыштуу кылмышы бар экени, бирок убагында тийиштүү жаза албай калганы маалым болду.
Караколдук укук коргоочу Камил Рузиев камалганы белгилүү болду. Милиция ал "опузалап акча талап кылууга" шектелип жатканын билдирди. Жакындары тагылган айыптарды четке кагып, ал жалган жалаага туш болгонун билдирүүдө. Рузиев буга чейин Ысык-Көлдө милициянын өзүн айрым мыйзамсыз иштерге айыптаган.
Чүй облусунун Ак-Бешим айылында эки баласын өлтүрүүгө шектелип кармалган эне тергөө абагына киргизилди. 34 жаштагы аялдын беш баласы бар эле. Бул үрөй учурган окуянын себептери учурда талкууга түшүп, көпчүлүк ар кыл суроолорго жооп издеп жатат.
12-сентябрь күнү Чүйдүн Ак-Бешим айылында эки баласын өлтүрүүгө шектелип алардын энеси кармалды. Беш баласы бар 34 жаштагы аял учурда тергөө абагында. Бул үрөй учурган окуянын себептери учурда талкууга түшүп, көпчүлүк ар кыл суроолорго жооп издеп жатат.
Дагы жүктөңүз