Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:18

УКМК активист Айбек Теңизбайдын кармалышы боюнча маалымат берди


Айбек Теңизбай. УКМК тараткан сүрөт.
Айбек Теңизбай. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жарандык активист Айбек Теңизбайга козголгон кылмыш иши тууралуу маалымат берди.

Атайын кызмат ал социалдык тармактарда белгилүү бир улутка каршы жеке кастыгын билдирген провокациялык билдирүүлөрдү системалуу түрдө жарыялап келгенин кабарлады. “Анын аракети этностор аралык чыр-чатакты козутуучу фактор болуп саналарын жана массалык башаламандыкка алып келиши мүмкүн экенин” билдирип, бирок кайсы улуттун өкүлдөрү тууралуу сөз болуп жатканын тактаган жок.

Козголгон кылмыш иши жана чогултулган материалдар боюнча Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынан эксперттик корутунду алынган. Эксперттер Айбек Теңизбайдын социалдык тармактарда жарыялаган материалдарында улут аралык кастыкты козутуунун белгилери бар деген корутунду беришкен.

Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси – “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” менен кылмыш иши козголгон.

УКМК Айбек Теңизбай атайын кызматтын тергөө абагына камакка алынып, тергөө иштери уланып жатканын кошумчалады.

Айбек Теңизбайды белгисиз кишилер 11-декабрда эртең менен Кой-Таштагы апасынын үйүнөн кармап кеткени белгилүү болгон. Кечке жуук активисттин дайыны УКМКдан чыгып, ал мекеменин Бишкек шаардык башкармалыгында экени такталган. Кийин 48 саатка камакка алынып, бөгөт чарасы 12-декабрда Октябрь райондук сотунда каралары айтылган.

31 жаштагы Айбек Теңизбай Президентке караштуу башкаруу академиясында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыты боюнча билим алып, магистрдик окуусун Түркияда уланткан. Окууну аяктагандан кийин Түркиянын жогорку окуу жайларына кыргызстандык жаштардын өтүшүнө көмөктөшкөн компания иштеткен. Кийин президенттик аппаратта жана парламентте да эмгектенген.

Ал социалдык тармактарда бийликтин айрым иштерин сындап, Орусиянын Кыргызстандагы пропагандасына каршы бир нече постторду жазган. Андан тышкары өлкөдөгү саясий окуялар тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына да пикирин активдүү билдирип келет. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG