Жогорку Кеңештин депутаттары манжа изи менен добуш бериши керек

Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, депутаттар манжанын изи же адамдын жүзүн тааныган функциясы бар электрондук тутум менен добуш бериши керек. Муну 2026-жылдан баштап ишке киргизүү пландалып, ушул тапта техникалык жактан даярдык иштери жүрүп жатат.

Регламент боюнча добуш берүүнүн ачык, бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү сыяктуу түрлөрү бар. Депутат кайсы бир маселе боюнча өзү гана добуш бериши керек жана добуш берүү укугун башка депутатка өткөрүүгө тыюу салынат.

Бирок ага карабастан буга чейин эл өкүлдөрү бири-бири үчүн добуш берип койгон учурлар көп болгон.

Кыргызстанда 30-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо өттү. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 29 округдан 87 талапкерди парламенттин депутаттыгына шайланды деп тапты. Ал эми №13 округда өткөн шайлоонун жыйынтыгы мыйзам бузууларга байланыштуу жокко чыгарылган. Бул округда эми кайра шайлоо өтүшү керек.

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи жыйыны 17-декабрда өтүп, жаңы шайланган депутаттар ант берет деп күтүлүүдө. (BTo)

Дагы караңыз

ТИМ Консоттун өлүм жазасын киргизүүгө каршы чечимин колдодуКонсот өлүм жазасын калыбына келтирүү Баш мыйзамга каршы келет деген тыянак чыгарды Италиянын ашканасы ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирдиЗеленский эки-үч айдын ичинде шайлоо өткөрүүгө даярдыгын билдирди Тайланд менен Камбожанын жаңжалынан улам жарым миллион киши жер которду